БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкектин тез жардам кызматы мамлекеттин кызыкчылыгына каршы соода-сатык жүргүзүп келгени үчүн Биринчи Май райондук соту тарабынан кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, прокуратура аталган кызматты Саламаттык сактоо департаментинин кайрылуусунун негизинде текшерген. Анда Тез жардам 2014-жылдын декабрь айында кызматтык кийим-кече сатып алууда 1 миллион 200 миң сомго мыйзамсыз келишим түзүп, сумманы кийинки жылдын үчүнчү кварталында төлөп бермекчи болгон.
Департаменттин айтымында, аталган сатып алуу жылдык планга кирген эмес. Кийим-кече бир жерден, эч кандай тендер өткөрүүсүз алынган.
Мунун негизинде мамлекетке жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыгына зыян келтирилип, прокуратура тарабынан Тез жардам кызматынын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.