Ошко конуп жатканда "Avia Traffic Company" учагынын канаты менен дөңгөлөгү талкаланды

© SputnikОшко конгон Avia Traffic Company учагы.
Ошко конгон Avia Traffic Company учагы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиалайнерге тумандан улам, Бишкекке конууга туура келген. Андан кийин учуп чыгып, Оштогу аэропортко конууга аракет кылганда, учак конуу тилкесинен чыгып кеткен.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Avia Traffic Company авиакомпаниясына таандык болгон Боинг-737 учагы чукул кырдаалдан улам,  Оштогу аба майданга авариялык абалда конду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, учак Красноярск – Ош рейси менен учуп, аба ырайынын бүркөлүп тургандыгынан түштүк борборго коно албай койгон.

"Учак Бишкекке конуп, бирок, кайрадан Ошко учкан. Ал жактан конууга эки ирет аракет жасаган. Калың тумандан улам, жерге жакындаганда лайнер конуу тилкесинен чыгып кетип, канаты жана дөңгөлөктөрү сынган", — деди Ахмедова.

Эч ким жабыркаган эмес, учакта экипажды кошкондо 159 адам болгон.

© Sputnik"Avia Traffic Company" фирмасына таандык болгон Боинг-737 учагы чукул кырдаалдан улам Оштогу аба майданга авариялык маанайда конду.
1/3
"Avia Traffic Company" фирмасына таандык болгон Боинг-737 учагы чукул кырдаалдан улам Оштогу аба майданга авариялык маанайда конду.
© SputnikУчак Красноярск – Ош рейси менен учуп, аба ырайынын бүркөлүп тургандыгынан түштүк борборго коно албай койгон.
2/3
Учак Красноярск – Ош рейси менен учуп, аба ырайынын бүркөлүп тургандыгынан түштүк борборго коно албай койгон.
© SputnikАдамдардын зыян болгон жок, учакта экипажды кошкондо 159 адам болгон.
3/3
Адамдардын зыян болгон жок, учакта экипажды кошкондо 159 адам болгон.
1/3
"Avia Traffic Company" фирмасына таандык болгон Боинг-737 учагы чукул кырдаалдан улам Оштогу аба майданга авариялык маанайда конду.
2/3
Учак Красноярск – Ош рейси менен учуп, аба ырайынын бүркөлүп тургандыгынан түштүк борборго коно албай койгон.
3/3
Адамдардын зыян болгон жок, учакта экипажды кошкондо 159 адам болгон.

Ахмедова учурда премьер-министр Темир Сариев аталган окуя боюнча шашылыш кеңешме өткөрүп жаткандыгын кошумчалады. 

Аэропорттун директору Талант Ысаков Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысына аба кемеси Бишкек убактысы менен алганда, 7.58де конгонун билдирди.

"Бардык жүргүнчүлөр аман-эсен, аларды аэропорттон алып чыктык. Учурда комиссия иштеп жатат, калган маалыматты кийинчерээк билдиребиз", — деди директор. 

Avia Traffic Company компаниясында төрт Боинг жана бир "ВАе 146-200" учагы бар. Ал "Манас" жана "Ош" аэропортторунан Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Казань, Иркутск, Красноярск шаарларына учат. Андан сырткары Алма-Ата менен Душанбеге каттап турат, ал эми Бишкек шаарынан Ошко күнүгө учат.

Жаңылыктар түрмөгү
0