Кыргызстандын түштүгүндө кайтадан жер силкинди

© Фото / Пресс-служба МЧС КРЖер титирөөдөн ураган там. Архив
Жер титирөөдөн ураган там. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндө кайтадан жер титирегенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

КР Сеймология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 35 чакырымда орун алган. Жердин силкинүүсү очогунда 4 баллга жеткен.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: жер титирөөнүн күчү 7 баллга жетип, 4-5 үйдүн дубалдары урады
Чайчи, Каблан-Көл, Лянгар айылдыранды 3,5 балл, Кызыл-Туу, Боз-Караган, Бек-Жар, Кара-Шоро, Баш-Булак айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга жетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана кыйноолор жок.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда түнкү саат 11.30дар чамасында жана түнкү саат 2.00дөр чамасында экинчи жолу жер титиреген. Биринчи жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунда катталса, экинчиси жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0