БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып кармалган беш кылмышкердин бири Бакыт Кенжекулов бүгүн түнү саат 04.00дө 47-түзөтүү колониясынын ооруканасында жүрөгү кармап каза болгонун ЖАМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Кенжекулов колониянын борбордук ооруканасына 1-түрмөдөн атайы этап менен жеткирилген.
Атайы операция учурунда качкындардын бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынса, 20-октябрь күнү дагы бири Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү.
Ошол эле күнү кармалган беш кылмышкердин бири Таалайбек Жуманов жүрөк оорусунан каза тапканы белгилүү болгон.
Кенжекуловдун өлүмү боюнча кызматтык териштирүү башталды.