Базар-Коргондо уруштан улам аялын сабап өлтүргөн 61 жаштагы жаран камакка алынды

Жазылуу
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аялдын өлүмүнө күйөөсүнүн тиешеси бар экени аныкталган. Үй ээси алгач коюлган айыптан баш тартып, далилдердин негизинде акыры мойнуна алууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында өз аялын сабап өлтүргөн жаран кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында райондук ИИБге киши өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери үйдөн аялдын жансыз денесин тапкан. 

Өгөй кызын отко салган ата сөрөй аны сабап өлтүргөн
Сот-медициналык экспертиза 53 жаштагы аялдын ур-токмоктон денеси жабыркап, ичине кан толуп, сөөктөрү сынганын аныктаган.

Аталган факт боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө учурунда окуяга аялдын жолдошунун тиешеси бар экендиги белгилүү болгон. 61 жаштагы үй ээси алгач коюлган айыптан баш тартып, далилдердин негизинде акыры мойнуна алууга аргасыз болгон. 

Анын айтымында, үй ээси аялын ортодо чыккан уруштан улам короого алып чыгып таяк менен сабаган. Алган жараттарынан улам кожейке бир нече убакыттан кийин көз жумган.

Кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0