Чолпон-Атанын мурдагы мэри "телефон террорчулугу" үчүн кармалды

© пресс-служба ГУВД города Бишкек39 жаштагы Мирлан Маратов. Архив
39 жаштагы Мирлан Маратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК шайлоо күнү, 4-октябрда "бомба коюлду" деген маалымат берген 39 жаштагы Мирлан Маратов экендигин таап чыккан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңешке шайлоо болгон 4-октябрь күнү түшкө жакын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кезмет кызматына белгисиз адам чалып, мектептердеги беш шайлоо участкаларында бомбалар коюлгандыгы жөнүндө маалымдаган. 

Шайлоо участкаларына шашылыш түрдө УКМК жана ИИМдин кызматкерлери чыгышкан. 

"Укук коргоо органдары кызматкерлери калктын арасында дүрбөлөң чыгарбастан ылайыктуу участкалар, анын жайлары жана ага жанаша аймактарды текшерип, кооптуу жарылгыч зат тапкан эмес", — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Анткен менен УКМК кечээ бомба коюлду деген маалымат берген 39 жаштагы Мирлан Маратов экендигин таап чыккан.

Телефон террористи кылганына өкүнүп, кечирим сурады
Ал сурак берүү учурунда шайлоо күнү мас болуп алып, "телефондон террорчулук" кылганын мойнуна алды. Текшерүү учурунда анын жанынан чалган телефону жана СИМ-картанын сырты табылган. 

УКМКнын маалыматында Маратов 2010- 2013-жылдары Чолпон-Ата шаарынын мэринин милдеттин аткарып иштеген. 

Жогорудагы факты боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 228 ("Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо") беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул берене менен түзөтүү жумуштарына чегерип, же үч жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0