Аламүдүндө чет элдиктердин кафесин тоноп кеткен ашпозчунун иши сотко өттү

© AFP / DAMIEN MEYER Фемиданын таразасы. Архив
Фемиданын таразасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйдү тинтип чыккан тоноочулар 1500 доллар акча каражатын, iPhone уюлдук телефондорун жана баалуу боюмдарды алып кетишкен.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунда каракчылык менен алектенген топтун мүчөсү Нестан аттуу кыз кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрына караган түнү Лебединовка айылында медициналык бет кап кийген үч адам чет элдиктердин кафеси жайгашкан үйгө кирип, эки адамды курал менен коркутуп акча талап кылышкан. 

Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде 77 жаштагы карыяны ур-токмокко алып, тоноп кеткен топ кармалды
Үйдү тинтип чыккан тоноочулар 1500 доллар акча каражатын, iPhone уюлдук телефондорун жана баалуу боюмдарды алып кетишкен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкерлердин бири аял экени аныкталып, ал Аламүдүн районундагы жаңы конуштардын биринен колго түшкөн. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Далилдер табылып, кармалган жаранга айып тагылды. Сурак учурунда анын буга чейин аталган кафеде ашпозчу болуп иштери маалым болгон.

Ушу тапта тергөө аяктап иш сотко жөнөтүлдү. Топтун калган эки мүчөсү боюнча иш өзүнчө каралып, алар издөөгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0