Аламүдүндө каналдан эркек адамдын сөөгү табылды

Жазылуу
35-40 жаштагы азиялык улуттагы адамдын денесин куткаруучулар милицияга өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылындагы кичи Чүй каналынан эркек адамдын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 35-40 жаштагы азилык улуттагы адам болгон. Куткаруучулар сөөктү эртең мененки саат 9.10до таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда адамдын аты-жөнү такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0