Таш-Көмүрдө 11 жашар кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин өкмөт көзөмөлдөйт

Жазылуу
Укук коргоо кызматкерлери тестиер кыздын өлүмүнө шектүү, мурда алты жолу түрмөгө отуруп чыккан 35 жаштагы жаранды колго түшүрүшкөн. 18-сентябрда боштондукка чыккан кылмышкер кыздын алтын сөйкөсүн жана телефонун алып, болгону 1000 сомго күрөөгө койгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев вице-премьер Абдырахман Маматалиевге Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 11 жашар кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин жеке көзөмөлгө алуусун тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Ниязалиева Дамира. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: окуучулардын өлүмү менен аяктаган кырсыктарды атайы комиссия иликтейт
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында Кара-Көл шаарында музыкалык мектептен үйүнө кайтып келе жаткан 6-класстын окуучусу муунтуп өлтүрүлгөн. 

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында укук коргоо кызматкерлери тестиер кыздын өлүмүнө шектүү, мурда алты жолу түрмөгө отуруп чыккан 35 жаштагы жаранды колго түшүрүшкөн. 18-сентябрда боштондукка чыккан кылмышкер кыздын алтын сөйкөсүн жана телефонун алып, болгону 1000 сомго күрөөгө койгон. 

Премьер-министр Маматалиевге иштин чоо-жайын тез арада иликтөөнү жеке көзөмөлгө алуусун тапшырды. Териштирүү аяктагандан кийин бардык материалдар Сотторду тандоо кеңешине өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0