БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда дайынсыз жоголгон беш жашар баланын денеси өз айылындагы жүгөрү талаасынын табылганын Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Беш жашар бала 22-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Кылмышка шектүү катары өзүнүн жердеши, 9-класстын окуучусу кармалган. Аталган окуя боюнча кошумча маалымат бериле турганын ИИБден билдиришти.