БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку Сот Хаджимурат Коркмазовго карата биринчи инстанциянын камакка алуу чечимин күчүндө калтырганын аталган мекеме билдирет.
Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2015-жылдын 17-июлунда Коркмазовду УКМКнын тергөө камак жайында калтыруу чечимин кабыл алган. Ал эми Бишкек шаардык сот коллегиясынын 2015-жылдын 3-августундагы аныктамасы менен Коркмазов үй камагына чыгарылган.
1-сентябрда Жогорку Соттун коллегиясы көзөмөл иретинде ЖК депутаты Коркмазовго карата бөгөт коюу чарасын карап, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан анын Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган.
2015-жылдын 15-июлунда аталган факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси "Коррупция" жана 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш ишин козгогон.