Григорьевкада сууга чөгүп кеткен Исмаевдин сөөгү Чок-Талдан табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБерег Иссык-Куля. Архивное фото
Берег Иссык-Куля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү 25-август күнү эле "Дельфин" жана "Витязь" эс алуу жайларынын ортосунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында сууга чөгүп кеткен Памир Исмаевди денеси болжол менен 50 чакырым алыстыктагы Чок-Тал айылынан табылганын ӨКМ билдирет.

Водолаз во время поисково-спасательной операции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдү куткарып, өзү көлгө чөгүп кеткен Исмаевди ӨКМ 10 күндөн бери издөөдө
Маалыматка ылайык, сөөк 25-август күнү эле "Дельфин" жана "Витязь" эс алуу жайларынын ортосунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Бишкектин 29 жаштагы тургуну Памир Исмаев 17-август күнү Григорьевка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген кызды куткарып, өзү сууга чөгүп кеткен. Ал ӨКМ тарабынан 10 күндөн бери изделип жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0