Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагылышып, 8 киши жабыркады

© flickr.com / TylerАвтоунаанын ылдамдык көрсөткүчү. Архив
Автоунаанын ылдамдык көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жаракат алган алты адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Өзгөн райондук аймактык ооруканага жөнөтүшкөн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымында "Мерседес-Бенц" жана "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаалар кагылышканын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын тушунда болгон. Унаа ичиндеги айдоочу жана жүргүнчүлөр жаракат алышкан.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркаган сегиз адамдын ичинен жаракат алган алты кишиге биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Өзгөн райондук аймактык ооруканага жөнөтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0