Чолпон-Атадагы кампалардын биринен контрафактылык арак табылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАрак чыгаруу. Архив
Арак чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы жасалма болушу мүмкүн деп шектелген үч жарым миңге жакын бөтөлкө ичимдикти таап чыгып, ишти укук коргоо органдарына өткөрүштү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында 334 миң 500 сомдук шектүү акциздик маркалары менен үч жарым миңден ашуун бөтөлкө ичимдикти кармады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

"Салыктык көзөмөл боюнча рейддин жүрүшүндө "Тегирмен алко плюс" ЖЧКсы өндүргөн контрафакттык ичимдик "Просперити Бизнес трейд" ЖЧКсына тиешелүү болгон кампа жайында табылган", — деп билдирди Салык кызматынын маалымат кызматы.

Алынган товарлар тийиштүү укуктук чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы башкармалыгына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0