Полтавкада абал тынч, эки тарап элдешти, зыянды калыбына келтирүү башталды

© Фото / Кайыпкул ЖунусовПолтавкада абал тынч
Полтавкада абал тынч - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар камактан чыгышты, жабыркагандардын аксакалынын айтымында, аларды соттотуп жибергенден пайда чыкпайт, башкысы, бул окуя кайра кайталанбашы керек.

БИШКЕК, 9-авг — Sputnik. Чүй облусунун Полтавка айылында үйлөрдү ташка алып, талкалоо боюнча чатак жөнгө салынып, эки тараптын сүйлөшүүсүнүн негизинде кармалгандар коё берилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Sputnik маалымат агенттигине билдирип, мааалыматты Полтавка айыл аймагындагы жабырланган тараптын аксакалы Кайыпкул Жунусов тастыктады.

Ички иштер министрлигинин билидрүүсүнө караганда, 7-августтун кечинде жаалданган жаш балдар Полтавка айылындагы сегиз үйдүн айнектерин талкалап кеткен. Бейбаштар бир аз өткөндөн кийин кармалып, жергиликтүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, аларга Кылмыш кодексинин  234-беренеси ("Бейбаштык")оюнча кылмыш иши козголгон.

Социалдык тармактарда кол салынган үйлөр аймакка түштүктөн кийинчерээк көчүп келгендерге таандык экендигин жазышты. Жабырлангандардын өкүлү 74 жаштагы Кайыпкул Жунусов ташка алынган үйлөр Ош жана Жалал-Абад облусунан көчүп келгендердики дейт. Окуяда ал кишинин үйүнө биринчилерден болуп кол салынган.

Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы Визит Керимовдун айтымында, аталган айылда түштүктөн көчүп келип, отурукташып жашап калгандардын саны 120-150 түтүндүн тегерегинде.

© РИА Новости / Аврора . Кайыпкул ЖунусовКол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
1/3
Кол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
© Фото / Кайыпкул ЖунусовКол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
2/3
Кол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
© Фото / Кайыпкул ЖунусовКол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
3/3
Кол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
1/3
Кол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
2/3
Кол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган
3/3
Кол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаган

ИИМ өкүлү чыр жөнөкөй тиричиликтен келип чыккандыгын, улуттар аралык чатак эместигин жана “жабырланган үйлөр ар кыл облустардан келгендерге таандык” экенин билдирди.

Кайыпкул Жунусов кол салуудан 12 үй, 12 автоунаа жабыркаганын жана окуя кантип башталганын төмөнкүчө айтып берди.

“Түнкү саат 11лер чамасы болучу, телевизор көрүп отургам, дубалга бир нерсе тийгендей болду. Байбичем да угуп, бул эмне деп калды. Сыртка чыгып, дарбазанын кичине эшигин ачсам, "огонь" деп кыйкырып таш менен ургулап калышты. "Балдар, токтоткула, болду!" деп кыйкырдым, укчудай эмес, кайра качып кирдим. Неберелерим бар эле, алар ыйлай баштады. Бул 15 мүнөттөй созулуп, үйдүн көчө жактагы айнектери, автоунаанын айнектери талкаланып калды. Айыл боюнча баш-аягы болуп 12 үй жана ошончо машине жабыркады”, — деди Кайыпкул Жунусов.

Үйлөрдү тандап туруп, ташка алуунун максаты эмне?

ИИМ өкүлү бул окуянын эмне себептен болгону учурда аныкталып жатканын айтты.

"Кармалгандар 19-20 крактагы жаштар, алардын эмнеге мындай ишке баргандыгы иликтенип жатат. Алар ошол учурда мас же соо экендиги да такталууда”,- деди Осмонбаев.

Кол салуум эмне себептен жасалганын жабырланган тарап да так билбейт, бирок муну жаштар өздөрү эмес, бирөөнүн шыкагы менен жасады деген пикирде.

"Райондук милицияга барганда мен таанып калган, кара машинени айдаган баланы алып келгиле дедим, алып келишти. Себебин сурасам, башын жерге салып унчукпайт. 21 жаштагы, аркы Малтабар айылынан келген бала экен. Балдар өзү билип кылышкан жок, муну уюштурган бирөөлөр бар. Терезеге таш ыргыткан учурлар жылда бир-эки ирет болуп калат, бирок мындай уюшуп алып чыккан болгон эмес. Өзүм көргөн жокмун, бирок байкагандар сексенге жакын бала чыкты деп айтышты", — деди Кайыпкул Жунусов.

Полтавка айыл өкмөтүнүн жетекчиси Визит Керимовдун айтымында, окуя болор замат милиция кызматкерлери келип, түнкү 11:30 башталган чатак, түнкү 12ге чейин жөнгө салынган.

Кайыпкул Жунусов: аларды соттоп жибергенде эмне чыгат, башкысы бул окуя кайталанбашы керек

Окуянын эртеси айылдыктар клубдун алдына чогулуп, ага райондун акими, райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси баштаган бир топ адамдар келишкен. Андан кийин эки тарап райондук милиция бөлүмүнө барып сүйлөшүп, акырында маселени тынчтык жолу менен чечмей болгон.

"Чоңдордун баары клубга келди. Беркилер элдешели, элдик сот кылалы, аксакалдар соту менен чечели дешти. Жабырланган тараптын аксакалы мен болгондуктан "макул,тынчтык сүйлөшүү жолу менен чечели",- дедим. Аларды соттотуп жибергенде эмне чыгат эле. Башкысы, мындан ары мындай жаман ишке барбай, тынч болушу керектигин айттым. Ошентип, ынтымакка келип тарап кеттик. Келтирилген чыгымдарды төлөп бергенге убада кылышты", — деди Жунусов аксакал.

Айыл өкмөтү Визит Керимов келтирилген чыгымдар акырындап төлөнө баштаганын айтты.

“Азыр абал тынч, бул эми улуттар аралык чыр эмес, жаш балдардын тентектиги. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин биринчи тарап келтирилген чыгымдардын жарымын төлөп коюшту, талкаланган автоунаалардын калганын ремонтко токтотуп жатышат”, — деди айыл өкмөтүн жетекчиси Керимов.

ИИМди өкүлү Эрнис Осмонбаев Министрлик менен жергиликтүү бийлик биргелешип, мындай иштердин алдын алуу боюнча массалык  иш-чараларды өткөрө тургандыгын билдирди.

Ал эми социалдык тармакта бул окуя катуу талкууланып, бир катарлары бул жогорку бийликте отурган жетекчилердин биринин жасаган иши деген пикирлерин да айтып жиберишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0