Жеңиш Разаков: Чек арадагы тирешкендерди түнкү 12де тараттык, азыр абал тынч

© Дилара ПарпиеваБаткен областынын губернатору Жениш Разаков жергиликтүү жашоочулар менен. Архив
Баткен областынын губернатору Жениш Разаков жергиликтүү жашоочулар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасында чогулган эл түнкү 12лерде тараган. Эки тараптын кагылышынан төрт адам жаракат алган.
Жеңиш Разаков: Чек арадагы тирешкендерди түнкү 12де тараттык, азыр абал тынч

БИШКЕК, 4-авг — Sputnik. Учурда Баткен районунда жана мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан аймактарда абал туруктуу, эл кайра чогулган жок, улуттар аралык кагылыш болгон жок. Тартипти сактоо боюнча тиешелүү күч органдары иштеп жатат. Бул туурасында өкмөттүн Баткен обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.

© Заирбек Омурзак уулу3-августта Баткенде Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы Көк-Таш айылындагы эки тараптуу чатактан кыргызстандык беш киши жарадар болгон.
1/2
3-августта Баткенде Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы Көк-Таш айылындагы эки тараптуу чатактан кыргызстандык беш киши жарадар болгон.
© Заирбек Омурзак уулуУчурда Баткен районунда жана мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан аймактарда абал туруктуу
2/2
Учурда Баткен районунда жана мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан аймактарда абал туруктуу
1/2
3-августта Баткенде Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы Көк-Таш айылындагы эки тараптуу чатактан кыргызстандык беш киши жарадар болгон.
2/2
Учурда Баткен районунда жана мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан аймактарда абал туруктуу

Анын айтымында, тирешкен эки тарап 3-августта түнкү 12лерде түшүндүрүү иштеринен кийин тараган.

"Чек арадагы акыркы адам 00:25те аймактан кетти. Биз ошол жерде жүрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди тараттык", — деди Разаков. 

Эки тараптын кагылышында кыргызстандык төрт жаран жабыр тарткан, учурда алардын абалы дурус.

"Эки тарап бири-бирин таш менен уруп, анын кесепетинен жабыр тарткан төрт адамдын абалы жакшы. Бир аялдын таяк жегендиги туурасында маалымат болгон, учурда бул боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө жана бул боюнча кылмыш иши козголду", — деди Разаков.

Өкмөттүн өкүлү учурда тажик тарап менен да тиешелүү сүйлөшүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады. 

Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы 3-августта Баткен районунда Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы Көк-Таш айылындагы эки тараптуу чатактан кыргызстандык беш киши жарадар болгондугун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0