БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Унаасынан 10 килограммдан ашуун героин табылган тажик жараны кармалганын Казакстандын Чек ара кызматы билдирет.
19-июль күнү кечинде "Кордай авто" текшерип өткөрүү пунктунан Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга героин алып бара жаткан тажик жараны кармалды.
Мекеменин маалыматына ылайык, баңгизат унааны текшерүү учурунда табылган.