БИШКЕК, 8-июль— Sputnik. КРдин президенти Алмазбек Атамбаевдин улуу агасы Калыйбек Шаршенов 64 жашында каза болгонун президенттин аппаратынан Sputnik сайтына тастыкташты.
Бүгүн кечке жуук ал өзүн жаман сезгендиктен, дарыгерлердин тобу барган. Бирок алардын жасаган аракеттреине карабастан, дүйнө салды.
Акыркы жылдары Калыйбек Шаршенов Аламүдүн районундагы Арашан айылында жашап жаткан.