ИИБ: баланы тебелеп кеткен айдоочу эркиндикте жүрөт

© Фото / Nate Steiner / wheel gripМужчина за рулем. Архивное фото
Мужчина за рулем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү №3 ооруканага үйдүн короосуна кире бериште жүк ташуучу унаа коюп кеткен наристе түшкөн. Оор жаракаттарынан улам ымыркай чарчап калган.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik.  Шаардын "Өскөн-Ордо" жаңы конушунда үйдүн короосуна кире бериште эки жашар наристени тебелеп кеткен айдоочуга карата арыз түшө электигин Чүй облустук ИИБ билдирди.

Кол кишени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети жашар баланы тебелеп кеткен айдоочу кармалды
Жекшемби күнү №3 ооруканага үйдүн короосуна кире бериште жүк ташуучу унаа коюп кеткен наристе түшкөн. Ымыркай ичинен туюк жаракат алып, ички органдары жарылып кеткен. Көп өтпөй наристе чарчап калган.

ИИБ баланын жакындары кайгыдан арыла албай турушканын айтып, кийинчерээк арыз жазышы мүмкүн деген пикирди билдирди.

"Балким, өздөрүнө келгенден кийин арыз менен кайрылышар", — деп айтылат билдирүүдө.

Башкармалык аталган машина айып салынган унаа токтотуучу жайда экенин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0