БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосундагы атышуу Баткен облусунда катталганын Sputnik агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Мекеме окуя тууралуу толук маалымат кийин бериле турганын кошумчалады.
Өздүк булактар атышуу учурунда Өзбекстандын бир чек арачысы жарадар болгонун кабарлады.