БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет укук коргоо органдарынын кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн Казакстандын эки жараны кармалды деген маалыматын четке какты.
Милициянын маалыматы боюнча, 25-июнь күнү саат 16.25те Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында издөөгө алынган Казакстандын эки жараны жайгашкан жайы аныкталган. Кармоо учурунда жарандардын бири ок чыгарып, экинчиси граната жардырам деп коркуткан. Андан кийин белгисиз тарапка из суутуп кетишкен.
Буга чейин укук коргоо органдары Казакстандын жарандары кармалганын билдиришкен. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов аталган маалыматты четке кагып, издөө аракеттери улантылып жатканын айтты.
Укук коргоо органдарынын билдирүүсү боюнча, 2014-жылы издөөгө алынган жарандар Биринчи май райондук соту тарабынан бир нече берененин негизинде төрт жылга эркинен ажыратылган.