БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Испаниядан келген туристтер тоого чыгуу учурунда кулаган таштардын алдында калганын Associated Press жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 18 жаштан 24 жашка чейинки үч адам каза болгон. Туристтик топтун калган мүчөлөрү жабыркаган эмес. Окуя кайсы жерде болгону азырынча белгисиз.
Агенттиктин маалыматы боюнча, учурда сөөктөрдү мекенине жеткирүү маселелери чечилүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мекемеге аталган кырсык тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирди.