БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. "Иркештам-автодорожный" текшерип өткөрүү пунктунда 15-июнда Кытай эл республикасынын жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Ош-Кашкар автобус каттамын текшерүү учурунда жүргүнчүдөн декларацияга киргизилбеген 16 миң доллар өлчөмүндөгү каражат табылган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана андан алынган чет элдик валюта КРдин Бажы кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.