Ысык-Көлдүн Кайыңды жайлоосунда жааган кардан өлгөн малдын саны 230га жетти

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүФермадагы уйлар. Архив
Фермадагы уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосуна жааган кардан улам ал жакка жайлоого чыккан малчылар менен байланыш болбой жатат.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кайыңды жайлоосунда жааган кардан өлгөн малдын саны 230га жетип калганын Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Элчибек Жантаев Sputnik сайтына билдирди.

11-12-июнда Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Кайыңды жайлоосуна бийиктиги жарым метрге жеткен кар жаап, кыйынчылык жараткан болчу.  Сууктан улам мал-жандык кырылууда.

"Өлгөн майда жандыктын – кой, эчкинин саны 200гө жетти. Бодо малдар – жылкы, топоз, уйдун саны жыйырмадан ашты. Бүгүнкү күнү жол каттамы үзүлдү", — дейт Жантаев.

Кар тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн чыгышында жарым метр кар жаап, 150 кой, 15 топоз өлдү
Маалыматка ылайык, Кайыңды жайлоосуна бараткан жолдо эки кыя бар. Алардын бирөөсү кечээ ачылса, экинчи ачылбай кыйынчылык жаратууда.

Жааган кардан улам ал жакка жайлоого чыккан 11-12 малчы менен байланыш болбой жатканын, жабылып калган жолду ачуу үчүн төрт техника иштеп жатканын акимдин биринчи орун басары кошумчалады. Аталган жайлоо райондун борборунан 150-160 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

"Райондун акими баштаган топ маселени жеринде чечүү үчүн жүрөт. Алардын катарында дарыгерлер, мал доктурлар бар. Ошондой эле, тамак-аш, дары-дармек, майлоочу май жана керектүү каражаттарды ала кетишкен", — деди ал.

Ысык-Көл облусунда мындай жаратылыш кырсыгы буга чейин 1987-жылы 25-майда катталган. Анда да кар жаап мал кырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0