Бишкектеги шамалдан улам шаардын көп жеринде бактар кулап, кыймылды кыйындатып жатат

© Sputnik / Данияр СандыбаевИваницын Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кулаган дарак.
Иваницын Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кулаган дарак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте кечинде болгон катуу шамал шаар ичиндеги кыймылды кыйындатып, бактар кулап, электр зымдарын үзүп кетти.

БИШКЕК, 8-июнь — Sputnik. Борбор шаардагы кечки сегизден кийинки болгон катуу шамалдан улам бактар, жарнамалык ири шиттер кулап жолдорду тосуп, жеңил унааларды басып калып, электр линиялары үзүлдү. Азыр 166 куткаруу кызматына Бишкек шаары боюнча кайрылуулар көп түшүп жатат деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматынан Элмира Шерипова. 

Шамалдын кесепетинен болгон чыгымдар эртең менен болжолдуу түрдө билине тургандыгын айтты.

"Келтирилген чыгымдарды болжолдуу көлөмүн эртең менен айтабыз. Абы ырайы өзгөрүп, шамал боло тургандыгын алдын ала кабарлаганбыз", — деди Шерипова. 

Ал эми шаардын ар кайсы аймактарында жүргөн Sputniк сайтынын кабарчылары бактар кулап, электр зымдары үзүлүп, жол кыймылын айдоочулар менен жүргүнчүлөр өздөрү иретке келтирип жаткандыгын билдиришүүдө. 

Бишкектеги алай-дүлөй шамал - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги көз ачырбаган алай-дүлөй шамал
КТРдин имаратынын маңдайында бак кулап түшүп, жолду тосуп калган. 

Жибек Жолу менен Фучик паркынын кесилишинде бак аялдамага кулап, аны айдоочулар өздөрүнүн күчү менен жолдун чекесине жылдырышты. 

Ал эми шаардын Чыгыш тарабындагы Алматы менен Жибек Жолу көчөсүнүнү кесилишиндеги жол чырагы иштебей, автотыгын пайда болду. 

Иваницин —Тыныстанов көчөсүнүү кесилишинде автомашинага кулаган бак электр зымдарын да үзүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0