БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Адам өмүрүн алган жол кырсыгы Бишкек-Ош кан жолунда болуп, алардын арасында балдардын бар экендигин такталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык саат 13:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 471-чакырымында (Кудук-Сай участкасы) болуп, “АУДИ-100» менен “АУДИ С4” сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 киши каза болуп, үчөө жабыркаган. Алардын сөөгү Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга жеткирилген.
Кырсыктын себептери такталып жаткандыгын ӨКМдин маалымат кызматы кошумчалады.