"Абдыш-Ата" ЖЧКнын жетекчиси аны уурдап кетүү фактысы менен милицияга кайрылган эмес

Жазылуу
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы "Абдыш-Атанын" жетекчисинен аны уурдап кетүү фактысы боюнча арыз түшпөгөндүктөн кылмыш ишин козгогон жок.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Абдыш-Ата" ЖЧКнын жетекчиси аны уурдап кетүү фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылбаганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.

Буга чейин бир катар жергиликтүү ЖМКлар "Абдыш-Атанын" жетекчисин кечээ, 28-апрелде эртең менен уурдап кетишкенин жазып, аны ошол эле күнү саат 16:00дөр чамасында бошотконун жазып чыгышкан.

Милицияга "Абдыш-Атанын" жетекчисин өзүн уурдап кетүү боюнча билдирүү түшкөн. Укук коргоо органынын кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Бирок, "Абдыш-Атанын" жетекчиси Совет Сакебаев милицияга арыз менен кайрылбагандыктан эч кандай кылмыш иши козголгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0