00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кара-Суунун кармалган имамы 2006-жылы өлтүрүлгөн имам Камаловдун баласы болуп чыкты

Жазылуу
Ош облусунун Кара-Суу районундагы мечиттердин биринин имамы эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн.

Мухамедсадыр: Сирияга адам жөнөткөнүмө өкүнүп отурам
БИШКЕК, 10-фев Sputnik. ИИМдин 10-башкы башкармалыгы диний-экстремисттик идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөндүгү үчүн кармаган карасуулук имам, 2006-жылы атып өлтүрүлгөн Рафик Камаловдун баласы экендигин диний эксперт Мамед Мырзабаев айтып берди. Бул маалыматты ИИМдин10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбаталиев тастыктады.  

ИИМдин маалымат кызматы 10-февралда тараткан маалыматында Кара-Суу районундагы мечиттердин биринин имамы эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөндүгү үчүн кармалгандыгын билдирген. 

ИИМдин 10-башкы башкармалыгы Ош жана Баткен облустары боюнча санкция берилген 22 дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда, аталган шаардагы мечиттердин биринин имамынан экстремисттик адабияттар табылган.

"Кармалгандардын арасында Кара-Суу шаарынын имамы да бар. Ал жаштар арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн. Анын радикалдуу салафизмди тутунгандыгы аныкталды", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынан. 

Бул боюнча Sputnik Ислам таануу боюнча илимий-изилдөө институтунун директору Мамед Мырзабаевдин пикирин сурадык.

"Бул өзгөчө мааниге ээ жана кооптуу. Кармалган имам 2006-жылы атып өлтүрүлгөн Рафик Камаловдун баласы. Мечит да Рафик Камаловдуку, анын баласы имам болуп калган. Ал илгертеден бери эле Кара-Сууда өзүм билемдик кылып, күч органдарын кенебей келген имам. Анын "Хизб-ут-тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясын илгертеден бери эле таратып келгендиги ачык, өзүнүн мечитинде жыйындарды ачыктан ачык эле өткөрүп келген. Мунун тарапташтары көп болгондугу үчүн мамлекет буга чейин эч нерсе кыла албай келген. Мамлекеттин мындай кылуусу тобокелдүү бир кадам болду. Бул токтолуп калбайт, анын тарапташтары тарабынан нааразычылык жаратышы мүмкүн", — деди Мырзабаев. 

Биздин маектеш имамдын кармалышын тобокелдүү деп баа берүүсүнүн себебин төмөнкүчө түшүндүрдү. 

"Тобокел дегенимдин себеби, мамлекет иштеп турган имамды албаш керек эле. Мамлекет буга баштатан даярданып, мечитти кайрадан каттоодон өткөрүп, башка имамды даярдап туруп, анан кийин алыш керек болучу. Бир жагынан мамлекет да бул имамга болушунча чыдады да, анан акыркы кадамга барды, бирок, бул бир имамды камап коюу менен чечиле турган маселе эмес. Биринчиден, мындай көйгөй башка жерде бар экендигин да билиш керек. Экинчиден, системалуу түрдө муфтият менен мамлекет акырындап имамдарды алмаштыруусу зарыл. Бул маселени имамдардын жаңы муунун тарбиялап чыгуу аркылуу чечиш керек", — деди Мырзабаев. 

ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев 2006-жылы атып өлтүрүлгөн Рафик Камаловдун баласы экендигин тастыктады. 

"Кара-Суу шаарынындагы Аc-Сарахси мечитинин имамы Камалов Рошат Мухамад Рафикович. Ал Рафик Камаловдун баласы", — деп билдирди Рафик Мамбеталиев Sputnik маалымат сайтына. 

Эксперт мамлекет менен чогуу иш алып бара турган жаңы муундагы имамдардын зарылдыгын, болбосо, мамлекет оңго тартса, алар солго тартып жаткандыгын кошумчалады.

ИИМдин маалымат кызматы кармалган имам убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.

Рафик (Мухаммадрафик) Камалов 2006-жылы август айында атайын кызматтардын антитеррордук операциясында жок кылынган.    

Жаңылыктар түрмөгү
0