18:43 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Международный аэропорт Манас

"Манас" аэропортунун мурдагы жетекчилигине алдамчылык боюнча иш козголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
57 0 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы жетекчилигине эки берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы жетекчилиги товарларды өз наркынан кымбат сатып алгандыгын аныктап, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу комитеттин коом жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылдын декабрында "Манас" аэропорту тендер өткөрбөй туруп "Манас Хендлинг Групп" ЖЧКсынан түстүү жарнамалык мониторду 24 миллион 975 миң сомго сатып алган. Тешерүү маалында түстүү жарнамалык мониторду 6 миллион сомго кымбат сатып алгандыгы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, "Манас" эл аралык аэропортунун 79 пайыз акциясы мамлекетке таандык.

Аталган окуя боюнча үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") жана 221-беренеси ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин өз укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") боюнча кылмыш ишин козголгон.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Тема боюнча

"Кыргызнефтегаз" өлкөгө 5,4 миллион сом чыгым алып келген
Белгилер:
Башкы прокуратура, УКМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ