07:55 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ситуация в Киргизии

11 ай ичинде укук коргоо жана күч түзүмдөрүнө эң көп кылмыш иши козголгон

© Sputnik / Андрей Стенин
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
10 0 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылдын 11 айында 306 кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, эң көп кылмыш иши укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине карата козголгон. Бул тармакта иштегендердин үстүнөн 11 айда 59 кылмыш иши козголгон. Эң көп кылмыш иши козголгон 5 тармактын катарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (53 кылмыш иши), мамлекеттик бажы кызматы (28 кылмыш иши), энергетика тармагы (20), агроөндүрүш комплекси (18) кирген.

Укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн ичинен ички иштер министрлигинде иштегендерге кылмыш иши эң көп (36 кылмыш иши) козголгон. Андан кийинки орунда Коргоо министрлиги (5), прокуратура (4), өзгөчө кырдаалдар министрлиги (4) турат.

Кылмыш иштери, негизинен, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, ишенилип берилген мүлктү ээлеп алуу, алдамчылык жана аткезчилик боюнча козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин 147си сотко жиберилип, алардын 60ы боюнча чечим чыгарылган. 37 кылмыш иши боюнча күнөөлүү деген өкүм чыгарылып, анын негизинде 54 киши сот жоопкерчилигине тартылган. 14 кылмыш иши сот органдары тарабынан токтотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, кылмыш иштеринин кесепетинен мамлекетке 1 миллиард 224,8 миллион сомдук зыян келген. Анын 423,5 миллион сому мамлекетке кайтарылган.

Тема боюнча

Кыргызстан коррупция боюнча рейтингде өз абалын 14 упайга жогорулатты
Белгилер:
УКМК

ЭҢ МААНИЛҮҮ