21:35 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Борьба с преступностью

Жогорку Кеңештин депутаты Кадыралиеванын бир тууганына издөө салынды

© Sputnik / Сергей Венявский
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Канжар Кадыралиевдин сот иши (9)
39 0 0

Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасы камакка алууга өзгөртүлдү.

БИШКЕК, 20-ноя — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын иниси, мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка ылайык, Канжар Кадыралиев опузалап акча талап кылуу жана ур-токмокко алуу иштери боюнча айыпталууда. Ал тергөө органдарынын суракка келүү боюнча чакырууларына жооп берген эмес. Ош облусунун соту 18-ноябрда Канжар Кадыралиевге карата сыртынан өкүм чыгарып, анын баш коргоо чарасын камакка алууга алмаштырды.

Белгилей кетсек, А.Б. аттуу жарандын берген арызынын негизинде 2014-жылдын 14-ноябрында Башкы прокуратуранын ички иликтөө органдары тарабынан Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык), 353-беренеси (өзүмбилемдик) жана 170-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

А.Б. аттуу жарандын берген аразына караганда Кадыралиев Өзгөн районунун Куршаб айылындагы 3 гектар жерин 2004-жылдан ушул кезге чейин бизге бер деп баласын бир канча жолу сабап, ок атуучу курал менен да коркутуп келген 

Башкы прокуратурадан билдиргендей, Канжар Кадыралиевдин мындан башка жасаган иштери кызматтык текшерүү учурунда билинип, прокуратура кызматкерине коюлган талаптарга туура келбегендиктен, 2014-жылдын 18-ноябрында Башкы прокурордун буйругу менен ал прокуратура органынан четтетилген.

Тема:
Канжар Кадыралиевдин сот иши (9)
Белгилер:
Ош, Башкы прокуратура, Ыргал Кадыралиева, КСДП, Канжар Кадыралиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ