Ош: Дароот-Коргондо жер 3 балл титиреди

Жазылуу
Бүгүн таңдагы жер титирөөнүн эпицентри Тажикстанда болуп, 6 баллга жеткен.

БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул туурасында маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот

Жер силкинүү таңкы саат 06.30 чамасында болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жапа чеккендер жок.

Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда орун алып, анын күчү 6 баллга жеткендигин аталган министрликтин басма сөз кызматы кошумча маалымдады. 

Буга чейин 14-ноябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун райондорунда 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен 200гө жакын турак үйлөрдө, социалдык объектилерде, пансионатта жарака кеткен. Мамлекет башчысы Атамбаев жер титирөөнүн, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо  объектилериндеги кесепеттерин жоюуну тиешелүү тараптарга тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0