05:59 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
В Бишкеке погиб оперуполномоченый ГУВД Бакай Сыдыгалиев

Бишкекте курман болгон милиция кызматкерин жерге беришти

Пресс-служба МВД КР
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
25 0 0

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш издөө башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Бакай Сыдыгалиев 2014-жылдын 14-ноябрында куралдуу кылмышкерди кармоо учурунда курман болгон.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Бишкекте ШИИБдин Кылмыш издөө башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн оперативдүү ыйгарым укуктуу кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин сөөгү жерге берилип, аза күтүү зыйнаты болгондугун борбор калаанын милициясынын басма сөзү маалымдады. 

Бакай Сыдыгалиев 14-ноябрь күнү кызмат учурунда курман болгон. Кырсык түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн 42 жаштагы Александр Саяпинди кармоо учурунда болгон. Экөө бетме-бет келген кылмышкер куралдуу каршылык көрсөткөн. Сыдыгалиев эки ирет атылган октон ошол жерде көз жумган.

"Чогулгандар маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтышып, Бакайдын мамлекетке чын дили менен кызмат кылгандыгын белгилешти. Милициянын Бакай Сыдыгалиевдей кызматкерлеринин аркасында кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатат. Бирок алар көчөлөрдү кылмышкерлерден тазалоо үчүн күн сайын өз өмүрлөрүн тобокелге салып келишет", — деп билдиришти ШИИБдин басма сөз кызматынан.

Маркумдун сөөгү 16-ноябрда коюлду. Милициянын капитанын акыркы сапарга узатууга Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Бишкек ШИИБ башчысы Кашкар Жунушалиев, борбор шаардын райондук ИИБ башчылары, шаардын мурдагы мэри Иса Өмүркулов, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов жана бир катар милиция кызматкерлери катышты.

Белгилер:
Марат Аманкулов, Иса Өмүркулов, Бакай Сыдыгалиев, Мелис Турганбаев, ИИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ