Казакстан аркылуу Россияга ташылган кыргыз товарларына коюлган чектөө алынды

© AFP / ALEXEY GROMOVФермеры в селе Морхочовщина
Фермеры в селе Морхочовщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап 2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандан Россияга Казакстан аркылуу ташууга уруксат берилген товарлардын тизимин кеңейткен.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Россияга ташылчу эт, сүт жана балык продукциясынын тизими кеңейтилип, транспорттун бардык түрү аркылуу ишке ашырылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-январындагы Казакстандын аймагы аркылуу кыргыз товарларын транзиттик ташуу шарттарына түшүнүк берүүгө тийиштүү расмий катына жооп катары Казакстандын премьер-министринин орун басары – айыл чарба министри Аскар Мырзахметовдун колу коюлган расмий кат келип түшкөн.

"Аталган катта маалымдалгандай, Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу Россияга Евразиялык экономикалык биримдиктин ишканалар тизимине киргизилген кыргыз ишканаларынын даяр сүт, эт жана балык продукциясын ташуу Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын ветеринардык кызматтары ортосундагы буга чейин жетишилген келишимдерге ылайык мурдагы режимде ишке ашырылган жана ишке ашырылмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Пачки сигарет с иллюстрациями о вреде курения для человека в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрүндө сатылган тамеки кутусуна "жүрөк айланткан" жаңы сүрөттөр түшүрүлөт
Казак тарап 2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандан Россияга Казакстан аркылуу ташууга уруксаат берилген товарлардын тизимин 86 кошумча товарлардын тобуна кеңейткен. Анын ичинен 40 түрдүү товарды транспорттун бардык түрү менен ташууга уруксат берилсе, 46 түрдүү товарды Дүйнөлүк жаныбарлар саламаттыгы боюнча уюмунун (МЭБ) Жан-жаныбарлардын саламаттыгы кодексинин сунуштарына ылайык пломбаланган вагондордо темир жол транспорту аркылуу ташууга жол ачылды. 

Аталган товарлардын тобу кайрадан иштетүүдөн өткөрүлбөгөн мал-жандыктар категориясына тийиштүү. Натыйжада ЕАЭБ Бирдиктүү тизимине киргизилген бардык атамекендик ишканалар өз продукциясын темир жол жана автомобилдик транспорт аркылуу экспорттой алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0