Эксперт: Россияда Кыргызстандын шабдалы менен коньягы өтүмдүү болууда

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРабота Московского винно-коньячного завода "КиН"
Работа Московского винно-коньячного завода КиН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын шабдалысы, коньяк жана кургатылган жемиштери Россияда жакшы сатылып калды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын базарына Кыргызстандын товарлары активдүү чыгып жатканын КМШнын экономикалык өнүгүү ишкер борборунун башкы директору Владимир Савченко билдирди.

Анын айтымында, түрдүү бирикмелердин (ШКУ, ЕАЭБ, БРИКС) жардамы менен Россиянын базарына башка мамлекеттердин товарлары кирип жатат.

"Кыргызстандын шабдалысы эң мыкты. Кыргызстан ЕАЭБге киргенин россиялыктар сезишти. Подмосковьеде азык-түлүк сатылчу павильондор ачылган. Ал жакта Кыргызстанда өстүрүлгөн шабдалы, кыргыз коньягы жана кургатылган жемиштер коюлган", — деди Савченко.

Анын айтымында, экономикалык кызматташуудагы бир кемчилик Кыргызстандын өкмөтүнүн туруксуздугу болууда. Бирок ишкер чөйрөсүндөгү байланыштардын жардамы менен иш алдыга жылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0