Жээнбеков: экономикадагы терс динамика октябрда оң багытка өзгөрдү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Правительства КР, где обсуждался проект о республиканском бюджете
Заседание Правительства КР, где обсуждался проект о республиканском бюджете - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр тогуз айдын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүнүн жалпы суммасы 310,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүш 102% болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков октябрь айында экономикада өсүш байкалганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын август айынын башына чейин экономикалык өсүштө терс динамика болуп келгенин белгилеген. 

"Ал эми октябрь айында экономикалык өсүштө оң тенденция орун алды. Ушул өсүштү сактап калуу үчүн өкмөт каатчылыкка каршы чаралардын пакетин сапаттуу ишке ашырууга чара көрүп жатат", — деп билдирген Жээнбеков. 

Премьер-министр тогуз айдын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүнүн жалпы суммасы 310,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүш 102% болгонун белгилеген. Ал эми "Кумтөр" кенин кошпогондогу реалдуу өсүш 103,1%ды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0