БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев иш сапарынын алкагында Ташкентте өткөн Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин 43-жыйынында Сауд Аравия падышачылыгынын (САП) ТИМ орун басары Юсеф Саъдун менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
2014-жылы декабрда КР президенти Алмазбек Атамбаевдин Сауд Аравиясына болгон расмий иш сапарынын алкагында макулдашууларды ишке ашыруу, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү каралган.