Таласта төө буурчактын баасы 67 сомго жетти

© Фото / Элмира СуйутбековаТаласта төө буурчак.
Таласта төө буурчак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы ушул маалда төө буурчактын бир килограммы 25-30 сомдон сатылып жаткан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Таласта төө буурчактын баасы 67 сомго жеткендигин ишкер Шабданбек Сопубеков билдирди. 

Анын айтымына караганда, учурда тазаланган жана тазаланбаган төө буурчактар ар кандай баада алынып жатат. 

© Фото / Элмира СуйутбековаТаласта төө буурчактын баасы 67 сомго жеткендигин ишкер Шабданбек Сопубеков билдирди.
Таласта төө буурчактын баасы 67 сомго жеткендигин ишкер Шабданбек Сопубеков билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Таласта төө буурчактын баасы 67 сомго жеткендигин ишкер Шабданбек Сопубеков билдирди.
© Фото / Элмира СуйутбековаПродаваемый фасоль в Таласской области
Анын айтымына караганда, учурда тазаланган жана тазаланбаган төө буурчактар ар кандай баада алынып жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Продаваемый фасоль в Таласской области
1/2
Таласта төө буурчактын баасы 67 сомго жеткендигин ишкер Шабданбек Сопубеков билдирди.
2/2
Продаваемый фасоль в Таласской области

"Мисалы лопатка сортундагы тазаланбаган төө буурчак 52, тазасы 57 сомдон алынып жатат. Эң жогорку баада кызыл чаар төө буурчактын тазаланбаганы 60 сомдон болсо, тазасы 67 сомдон алынууда", — деди Сопубеков. 

Ал төө буурчак сортуна жараша 35 сомдон 67 сомго чейин сатылып жатканын ырастады. 

Белгилей кетсек, өткөн жылы ушул маалда төө буурчактын бир килограммы 25-30 сомдон бааланып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0