Мискенбаев: атамекенчилердин MegaCom ишканасына тиешеси бар-жогун иликтейли

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Мээрбек Мискенбаевдин архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Мээрбек Мискенбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ жалпыга маалымдоо каражаттарына Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун MegaCom ишканасынын акциясын кымырып алган делген маалымат чыккан.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутатары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун MegaCom ишканасынын акциясын кымырып алган деген маалыматты иликтөө керек. Бул тууралуу ЖК отурумунда депутат Мээрбек Мискенбаев айтып чыкты. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-октябрь күнү парламентте ар кандай маселелер каралып жатат. 

Альфа Телекомдун расмий сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
MegaСom боюнча кайрадан аукцион өтмөй болду
"Кечээ, 5-октябрь күнү "Вечерний Бишкек" басылмасында жарык көргөн макалада MegaCom ишканасын Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов ич ара соодалашкан деген маалымат чыкты. Буга чейин экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов дагы Текебаевдин "Альфа Телеком" (MegaCom маркасы) ишканасынан акча алганын айтып чыккан. Алар алган акциялар Максим Бакиевдин акциясы болуп саналат. Тез аранын ичинде комиссия түзүп, чын-төгүнүн изилдөө керек", — деди Мискенбаев. 

Ал мындан сырткары, Азимжан Аскаровду айрым күчтөр качыруу аракетин көрүп жатканын кошумчалады. 

Аталган маселе боюнча Салянова маселени эртеңкиге калтырбай өкмөттү бүгүн угуу демилгесин көтөрдү. 

"Мен Баш прокурор болуп турганда "Альфа Телеком" (MegaCom маркасы) ишканасынын 51 пайыз акциясын мамлекетке тартып алганбыз. Ушул иште менин мээнетим чоң. Бүгүн болсо Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдор акцияларды кымтып алган деген маалымат чыкты. Калптын да чеги болот да. Маселени узактырбай, өкмөттү бүгүн чакырып угалы", — деди Салянова. 

Эске сала кетсек, аталган маселени КСДПчы депутаттар Осмонбек Артыкбаев, Анвар Артыковдор көтөрүп, иликтөө керектигин айтышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0