Панкратов: кепилдик фонду быйыл ишин башташы керек

Жазылуу
Мындай тапшырманы вице-премьер тийиштүү министрликтерге тапшырды.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кепилдик фондусу быйыл ишин башташы керек. Бул тууралуу вице-премьер Олег Панкратов өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Эскерте кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун 18-августундагы буйругу менен мекеменин уставы бекитилген. 

"Кичи жана орто бизнес кепилдик фондуна чоң үмүттөрдү артып жаткандыгын эске алуу менен ишти тездетүү зарыл. Кепилдик фонд үстүбүздөгү жылы өзүнүн толук кандуу ишин баштоосу керек", — деди Панкратов. 

Отурумдун жыйынтыгы менен вице-премьер Олег Панкратов Эконмика, Финансы министрликтерине жана Мамлекеттик мүлк фондуна аталган тапшырманы койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0