Кыргызстан менен Венгрия соода-экономикалык мамилени чыңдоого кызыкдар

© пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев венгриялык кесиптеши Петер Сийярто менен жолукту.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев венгриялык кесиптеши Петер Сийярто менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга биринчи жолу келди. Иш сапарынын алкагында ал КР президенти жана кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен жолукту.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев венгриялык кесиптеши Петер Сийярто менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга биринчи жолу келди. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана дүйнөлүк, аймактык коопсуздук маселелери да талкууланды.

Иш-чарада эки мамлекеттин соода-экономикалык, келишим-укуктук базасын кеңейтүү боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссия түзүү айтылды.

Буга чейин Петер Сийярто КР президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0