Кытайда КРдин инвестициялык мүмкүнчүлүгү талкууланды

Жазылуу
Иш-чаранын жыйынтыгында кытай ишкерлеринин август айында Кыргызстанга келиши макулдашылды.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кытайда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тартууланганын Тышкы иштер министрлиги билдирет. 

Нарын дарыясындагы ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кореялыктар Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар
Иш-чара Кытайдын Гуанчжоу шаарында өтүп, ага 38 кытай ишкери катышты.

Анда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тасма көрсөтүлүп, аталган шаардагы өлкөнүн башкы консулу Максат Тентимишов сөз сүйлөдү.

Мындан сырткары, "Жаңы Жибек Жолу" кытай-кыргыз ишкерлер ассоциациясынын төрага орун басары Хуан Чжэнбин Кыргызстанда ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири баяндама жасады. 

Презентациянын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын август айында кытай ишкерлеринин Кыргызстанга таанышуу иретинде келиши макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0