БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Апрель айында жаратылыш газына болгон тарифтик баа 73 тыйынга арзандай турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр оттун бир метр кубу калк үчүн 15,83 сомдун чегинде бекисе, өнөр жай ишканалдары, коммерциялык структуралар жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктар менен кошо 19,25 сом болду.
Газга болгон баанын төмөндөшү Кыргызстандагы доллардын курсуна байланыштуу. Эскерте кетсек, көгүлтүр отко нарк ар бир айдын башында Улуттук банк бекиткен курска ылайык бекитилет. 1-апрелге карата доллардын курсу 69,99 сом болуп бекиген.
Мартта бир доллардын баасы 73,88 сом чегинде катталган.