Кыргызстан бензини арзан 18 өлкөнүн катарына кирди

© AFP / LEO RAMIREZВенесуэладагы май куйуучу жай. Архив
Венесуэладагы май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи орунда Венесуэла турса, акыркы сапты Гонконг ээлеген. Рейтинг 181 мамлекеттин ичинен түзүлгөн.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстан бензини арзан 18 өлкөнүн катарына киргени Global Petrol Prices рейтингинин сайтында жарыяланган.

Унаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акенеев: жайга чейин күйүүчү май 6 сомго арзандашы мүмкүн
181 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 18-орунду ээлеген. Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен үчүнчү сапта турат.

Кыргызстанда бензиндин орточо баасы 49 центтен бааланган. Салыштыруу үчүн алсак, учурда дүйнөдө орточо эсеп менен бензиндин бир литри 0,96 центтен сатылууда.

Алдыңкы үч сапты Венесуэла (2 цент), Кувейт (22 цент) жана Сауд Аравиясы (24 цент) ээлеген. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы катарда Түркмөнстан (28 цент), Казакстан (38 цент) жана Кыргызстан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0