Доллар менен алынган ипотекалык насыя сомго 62,12 курсу боюнча которулат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыяларды трансформациялоо шарттары тууралуу өкмөт жана Улуттук банк өкүлдөрү айтып беришти. Буга 574 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Трансформацияга 40 миң долларга чейинки ипотекалык насыялар дуушар болорун маалымат жыйында өкмөт аппаратынын финансы жана насыя саясат бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Аалиев билдирди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бюджеттик кызматкерлердин жана аз камсыз болгон калк катмарынын доллар менен алган ипотекалык насыяларын сомго өткөрүүнү тапшырган.

Бүгүн тийиштүү документтерге кол коюлду.

"Буга Кыргызстандын аймагында 2015-жылдын 1-июлуна чейин 40 миң долларга чейин ипотекалык насыя алгандар кирет. Акча 62,12 сомдон транформацияланат (бул 2015-жылдын 1-июлуна карата доллардын расмий курсу). Башкача айтканда, өкмөт 62 менен 75 сомдун ортосундагы айырмачылыкты жабат, буга 574 миллион сом каралган", — деди Аалиев.

Анын айтымында, жылдын биринчи жарымында валютанын курсу туруксуз болгон, ошондон улам 1-июль деп бекитилген.

Ал эми Каржы министри Адылбек Касымалиев 40 миң долларлык чек бюджеттин мүмкүнчүлүгүнөн жана социалдык аспектиден улам белгиленгенин айтты. 

"104-105-сериядагы үйлөрдү карадык, алардын баасы 55-56 миң доллардын тегерегинде. Эгер 30-40 пайыздык алгачкы төлөмдү алып салсак, 40 миң доллардын айланасындагы акча чыгат", — деди министр. 

Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымованын маалыматы боюнча аталган программага 3 миллиард сомго чейин насыя алган 2800 жаран кириши мүмкүн. Трансформацияланган насыя үчүн 19,76 пайыздык үстөк каралган. Быйылкы жылдын башына карата да ушундай орточо көлөм бекитилген.

2016-жылдын башынан бери доллар, евро, рубль жана теңге курсунун сомго карата өзгөрүүсүн Sputnik инфографикасында көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0