Жыл башынан бери Улуттук банк 62,5 млн доллар сатты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКөчөдөгү акча алмаштыруу жайынын таблосу. Архив
Көчөдөгү акча алмаштыруу жайынын таблосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын ар бир иш күнүндө Улуттук банк валюталык интервенция жасап келет. Акыркы жолу 3 миллион 450 миң доолар сатты.

БИШКЕК, 27 янв — Sputnik. Жыл башынан бери Улуттук банк 62,5 миллион доллар сатканы тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. 

Өткөн жылы Улуттук банк валюта наркын жөнгө салуу үчүн 40 жолу интервенция жасаса, анын 35 учурунда доллар саткан. 

АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук Банктын резерви өткөн жылы дээрлик 100 млн. долларга азайган
Дүйшөмбү күнү банк 3 миллион 450 миң доллар сатты. Ал эми январь айынын ар бир иш күнүндө 62,5 миллион доллар сатылды. 

Эске салсак, интервенциядан сырткары Улуттук банк кассигнация кылган, башкача айтканда, накталай доллар саткан. Бирок, анын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

Учурда доллардын наркы 75,88 сомду түзүп, бир тыйынга төмөндөгөн.

Казакстандын биржалык фондунун маалыматы боюнча доллардын казак валютасына карата наркы 7,41 тенгеге өсүп 380,3 теңгени түздү. 

2016-жылдын башынан бери доллар, евро, рубль жана теңге курсунун сомго карата өзгөрүүсүн Sputnik инфографикасында көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0