Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май төртүнчү жолу арзандады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБензин сатуучу жай. Архив
Бензин сатуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефтетрейдерлер ассоциациясы чийки мунайга болгон баанын төмөндөшү күйүүчү майдын арзандашына алып келгенин белгиледи.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында күйүүчү майга болгон баа бир сомго арзандаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Канистр мунай заты менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чалдыбарда мыйзамсыз сакталган 36 тоннадан ашык мунай заты табылды
Баалар бензиндин бардык үлгүлөрүнө (Аи-80, Аи-92, Аи-95, Аи-98) карата төмөндөгөнү маалыматта айтылат. Ал эми автогазга болгон баа литрине 0,5 сомго арзандаган. 

Күйүүчү май 2016-жылдын башынан бери төртүнчү жолу арзандап жатат. Январь айы ичинде үлгүсүнө жараша литрине бир сомдон төрт сомго чейин арзандаган. Ал эми дизелдик майга болгон баа үч сомго түштү. 

25-январдан тарта күйүүчү майларга болгон баа: Аи-80 — 31 сом, Аи-92 — 33,5 сом, Аи-95 — 38,5 сом, Аи-98 — 45 сом жана дизелдик май 33,5 сом. 

Баалардын төмөндөшү мезгилдик фактор менен чийки мунайдын арзандашына байланыштуу экени маалыматта белгиленет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0