Соцфонд ЖАМКтын чейрек кылымдык карызын кечет

Жазылуу
Жаза аткаруу кызматынын Соцфонд алдындагы 1990-жылдан берки карызы 15 миллион сомго жеткен.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Социалдык фонд менен 1990-жылдан бери топтолгон карызын жоюу тууралуу келишим түзгөнүн аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, келишимге ЖАМКтын 25 жылдан берки камсыздандыруу төлөмдөрү, финансылык санкциялары жана туумдары кирди. 

Мекеме 15 миллион сомдук карызды жоюу жаза аткаруу системасынын мекемелеринде өндүрүштү жигердүү өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0