Панкратов: Кыргызстандын товар жүргүртүүсүндө Россиянын үлүшү жыл сайын өсүүдө

Жазылуу
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында эки мамлекеттин ортосунда 878 миллион долларды түзгөн товар жүгүртүлдү.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстандын стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин экономика министри Олег Панкратов кыргыз-россиялык аймактар аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында эки мамлекеттин ортосунда 878 миллион долларлык товар жүгүртүлдү.

"Россия 2014-жылы да Кыргызстандын башка мамлекеттер менен болгон соода алакасындагы товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча биринчи орунду ээлеген. Жалпы жүгүртүүдө анын үлүшү 25,9 пайызды, экспортто 6,5 пайызды, ал эми импортто 32,3 пайызга туура келген. Быйыл товар жүгүртүүнүн көлөмү 27,7 пайызга чейин жогорулады. Экспорттун көлөмү алты пайызга чейин өссө, импорт 35 пайызды түздү", — деди Панкратов.

Министр эки мамлекеттин ортосундагы тыгыз кызматташуунун бирден бир көрсөткүчү болуп инвестирлөө эсептелерин кошумчалады. Россиядан Кыргызстанга түз келген инветисциянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 76 миллион долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0