"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы ишке киргизилди

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы. Архив
Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштеринин алкагында кошумча 500 мегаватт кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотуу жана "Ала-Арча" подстанциясындагы 200 мегаваттык эки автотрансформаторду 220 мегаваттык менен алмаштыруу каралган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Курулуш иштери аяктаган "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы ишке киргизилгенин "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ишканасы билдирди.

"Датка — Кеминдин" курулушу аяктады
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-августта саат 10.20да 405 чакырымга созулган 500 киловольттуу "Датка-Кемин" жогору чыңалуудагы электр линиясы жана "Кемин" подстанциясы ишке коюлуп, саат 12.55те электр энергиясы кое берилди.

Жаңы линиянын ишке киргизилиши менен Кыргызстан энергетикалык коопсуздукка ээ болору айтылып келген.

"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу иштери 2012-жылы башталган. 500 киловольттуу "Датка — Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы түштүктөгү "Датка" жана түндүктөгү "Кемин" подстанцияларын туташтырат. Курулуш иштеринин алкагында кошумча 500 мегаватт кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотуу жана "Ала-Арча" подстанциясындагы 200 мегаваттык эки автотрансформаторду 220 мегаваттык менен алмаштыруу каралган. 

Долбоордун жалпы суммасы 390 миллион долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0